БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламент депутаты Балбак Түлөбаевге "тил укпаш үчүн кандай позицияны кармануу керектиги боюнча" кеңеш берди.
Ушул тапта Жогорку Кеңеште кезектеги жыйын өтүп, ага өкмөт мүчөлөрү катышууда.
Депутатка сөз кезеги жеткенде ал кебин тамашалуу маанайда баштады.
"Бизге эле кыйын болду. Бир жагынан Адахан Кимсанбаевич, экинчи жагынан Камчыбек Кыдыршаевич урушат. Акелерим, бирок эч нерсе эмес, ынтымакта болсок баары жакшы болот", — деди Түлөбаев.
Анда УКМКнын төрагасы "ошол үчүн талтайбай бир тарапта турсаңыз, ошондо эч ким урушпайт" деп жооп берди.
"Мен өкмөт тарапта экенимди билесиз. Кээде адилеттүүлүк үчүн бутубуз кыйшайып кетип жатат. Бирок оңолобуз. Мен ар дайым өкмөттүн позициясын коргоп келем. Кээде өкмөттүн таламын талашып, Адахан Мадумаров менен уруша кетем", — деди эл өкүлү.
Эске салсак, бүгүнкү жыйындын башында УКМК төрагасы менен депутат Адахан Мадумаров уруша кеткен. Анда Мадумаров сөз сурап, бирок жалпы добуш берүүдө өтүнүчү канааттандырылган эмес. Түлөбаев эки тараптын тең позициясын угуп, экөөнө сүйлөөгө бирдей укук берилиши керектигин айткан.