WhatsApp жаңылыгы. Жиберген билдирүүнү оңдосо болот

Эскерте кетүүчү учур, мындай нерсе Telegram кызматына мурда эле киргизилген жана абдан ыңгайлуу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. WhatsApp мессенжеринде жиберген билдирүүдө ката кетип калса же зарылдык жаралса оңдоо мүмкүнчүлүгү болот. Бул туурасында WABetaInfo порталы кабарлады.
Маалыматка караганда, текстти оңдогон кнопка Android үчүн WhatsApp тиркемесин сыноочу программанын айрым катышуучуларында пайда болгон. Жаңы функцияны менюдан чыккан опцияны тандап пайдалана аласыз.
Эскерте кетүүчү учур, мындай нерсе Telegram кызматына мурда эле киргизилген жана абдан ыңгайлуу.
Маалыматта бул жаңычылдык бардык түзүмдөргө жана персоналдык компьютерлерде мессенжерлердин веб-версиясына киргизилери да айтылды. Көптөр күткөн функциянын азырынча иштелип чыгып, сыналып жатканын кабарлашты.
WhatsApp тиркемесинде көпчүлүк күткөн функция ишке кирет