БУУ Түркиянын аталышын өзгөрттү

Өлкөнүн кыскача аталышы мындан ары Turkey эмес, Türkiye деп жазылат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркиянын расмий документтердеги чет элдик аталышын өзгөртүп берди. Бул тууралуу РИА Новостиге БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
"Republic of Turkey (Түркия Республикасы) деген аталыш Republic of Türkiye деп өзгөртүлдү", — деди Дюжаррик.
Анын айтымында, мындай чечим түрк бийлиги кайрылары менен дароо күчүнө кирди.
Өлкөнүн кыскача аталышы мындан ары Turkey эмес, Türkiye деп жазылат. Өлкөнүн алфавит боюнча жайгаштырылган орду алмашпай турганы белгиленди.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун айтымында, аталыш өлкөнүн эл аралык аренадагы беделин көтөрүү үчүн өзгөртүлдү.
Белгилей кетсек, Turkey деген сөз англисче "үндүк" деген маанини да билдирет. Анын себеби тарыхка байланыштуу, бул куш Европага Түркия аркылуу ташылып тургандыктан ушундай аталып калган. Натыйжада "Түркияда жасалган" ("made in Turkey") деген жазууну англис тилдүү адам "үндүктө жасалган" деп түшүнүп алышы мүмкүн.
Эрдоган: Швеция, Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү боюнча позициябыз өзгөрбөйт