Токмокто окуучуларга чагылган тийип, 13 жаштагы кыз көз жумду

Жабыркаган эки окуучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Токмок шаарында үч окуучуга чагылган тийип, 13 жаштагы бир кыз көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Окуя бүгүн, 2-июнда, №3 мектептин жанында болгон.
Чагылгандан жабыркаган 13 жаштагы дагы бир кыз менен 17 жаштагы эркек бала Токмок аймактык ооруканасына жеткирилген. Алар жандандыруу бөлүмүндө, абалдары туруктуу деп бааланууда.
Суу киргизем деп... Нарында 47 жаштагы киши топурак басып калып көз жумду