Садыр Жапаров мамкызматкерлерди аттестациядан өткөрүү жарлыгына кол койду

Аттестация эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жарлыктын максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин кесиптик билимин жана иш көндүмдөрүн ээлеген кызматына канчалык дал келерин аныктоо.
"Өлкөнүн мамлекеттик кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жогорку квалификацияга ээ болгон кызматчылардан турган аппаратты түзүү болуп саналат. Мындан улам аталган документ кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Жарлыкта жазылгандай, аттестация эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат.
"Административдик кызмат ордун бир жылдан аз ээлегендер, кош бойлуу аялдар, декреттик өргүүдө жүргөндөр жана бир жылдан ашык мөөнөткө окууга жөнөтүлгөндөр аттестациядан өтүүгө милдеттүү эмес", — деп жазылат жободо.
Аттестацияны атайын комиссия өткөрө турганы айтылып, анын курамында тогуз адам болушу керектиги жазылган.
Аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүнүн жол-жобосу тууралуу кененирээк президенттин сайтына жарыяланган документтен таанышууга болот.
Радио
Усеналиев: мектеп директорлорун аттестациялоо коомдун талабынан келип чыкты