РФ ТИМи: Россия Европанын жаңы санкцияларына да моюбастан туруштук берет

Чектөөлөргө карабастан Россия эл аралык аренада ишенимдүү соода өнөктөш бойдон кала берери белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Санкциялар шарттаган глобалдуу азык-түлүк жана энергетикалык көйгөйлөрдүн жоокерчилиги Брюссель менен АКШнын мойнунда. Мындай билдирүүнү Батыштын кезектеги санкциялары каралган ЕБ саммитине жооп кылып Россиянын Тышкы иштер министрлиги таратты.
Анда Россия Евробиримдиктин бир жактуу киргизген санкцияларынын кесепетине туруштук берери белгиленген.
"Санкциялык чектөөгө карабастан Россия эл аралык аренада ишенимдүү соода өнөктөш бойдон кала берет. Евробиримдиктин мыйзамсыз кадамдарынан улам курчуган глобалдуу азык-түлүк жана энергетикалык көйгөйлөр толугу менен Брюссель менен Вашингтондогу саясий демөөрчүлөрүнүн абийиринде болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 30-31-май күндөрү Брюсселде Евробиримдик лидерлеринин саммити өтүп, анда Россияга каршы санкциялардын кезектеги пакети каралган болчу.
АКШлык финансист: Американын экономикасы "бороон-чапкын" алдында турат