Радио

Жолдошев: металл издөөчү жабдууну колдонуу боюнча мыйзам даярдалууда

Маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев тарыхый баалуулуктарды мыйзамсыз казып саткандар көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Металл издөөчү аппараттарды куралга теңөө боюнча жобо кабыл алынат. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда металл издөөчү аппараттарды сатып алуу боюнча эч кандай эреже жок болгондуктан, аны сатып алып мыйзамсыз багыттарда колдонгондордун саны өстү.
"Тарыхый баалуу жайларды, анда табылган буюм-тайымдарды сактап калуу максатында металл издеген жабдыктарды куралга теңөө мыйзамын сунуштап жатабыз. Анткени бул аппараттарды Кыргызстанга алып кирип, сатууда соода эркин жүргүзүлөт. Башкача айтканда, каалагандын баары эле алып колдоно берет. Азыр ар бир айылда ушундай адамдар пайда болду. Анын кесепетинен биздин тарыхый баалуулуктарыбыз "кара базарга" сатылып кеткен учурлар арбыды. Мунун алдын алуу үчүн ушул жобо абдан зарыл болуп турат. Жобо кабыл алынып калса металл издөөчү жабдыктарды геологдор же тиешелүү адистер гана сатып алып, максаттуу пайдаланып жана аны колдонгондугу тууралуу Маданият министрлигине отчет берип турушу талап кылынат", — деди Жолдошев.
Адис азыркы учурда жобонун каржы маселеси каралып, Финансы министрлигинин макулдугун алуу этабында турганын кошумчалады.