ЖМК: Кытай армиясы Тайвань боюнча эң начар сценарийге даярданууда

Буга чейин Чжу Фэнлянь Пекин аралдын көз карандысыздыгы үчүн чыккан сепаратисттер менен тышкы күчтөргө каршы күч колдонуудан баш тартпай турганын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Тайвань кысыгындагы чыңалуунун күчөп жаткандыгына байланыштуу Кытайдын Элдик-боштондук армиясы (КЭБА) машыгуу учурунда эң начар сценарийди колдонот. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасы жазды.
"Япония менен АКШ Тайвань маселесине аскердик каражаттар менен кийлигишүү планын караштырып жатат. Буга байланыштуу КЭБА эң начар сценарийлер боюнча машыгууларды өткөрүп турат", — деп билдирген кытайлык анонимдүү аскердик эксперт.
Агенттиктин маектеши жакында эле КЭБА Тавайнь аралынын аймагында ири масштабдагы үч машыгуу өткөргөнүн кошумчалады.
Дагы бир аскердик эксперт Сун Чжунпин учурда кытайлык армия эскертүү берүү менен гана чектелбестен мүмкүн болгон аскердик конфликтиге даярдык көрүп жатканын айткан.
Шаршемби күнү Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь АКШнын Тайвандагы сепаратисттик күчтөрдү колдоп жатканы аралды кооптуу абалга кептей турганын белгилеген. Ал ошондой эле "акыркы кезде АКШ Тайвань маселеси боюнча бирди айтып, бирок иш жүзүндө таптакыр башка кадамдарга барып жатканын" кошумчалаган. Чжао Лицзяндын айтымында, Америка аралдын көз карандысыздыгы үчүн чыккан күчтөрдү жашыруун дагы, ачык дагы тукуруп, колдоп жатышат. Бул нерсе Тайванды кооптуу абалга кептеп, АКШ оор кесепетин көрүшү мүмкүн.
Буга чейин Кытай мамлекеттик кеңешинин канцеляриясынын Тайвань боюнча расмий өкүлү Чжу Фэнлянь Пекин Тайвань менен тынчтык жолу аркылуу кайра биригүү үчүн бардык күчүн жумшай турганын айтып, бирок аралдын көз карандысыздыгы үчүн чыккан сепаратисттер менен тышкы күчтөргө каршы күч колдонуудан баш тартпай турганын эскерткен.
Байден: "кирип барышса" Тайванды коргоого АКШ аскерлери даяр турат