Эрназар, Улукбек баштаган эркин күрөш балбандары эл аралык турнирге катышат

Мелдеш бүгүн, 2-июнда, Алматы шаарында башталат. Анда күрөштүн бардык үч түрү боюнча балбандар күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Казакстанда өтө турган Bolat Turlykhanov Cup аттуу эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы кабарлады.
Балбандар рейтинг топтоочу мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында болот. Анда күрөштүн бардык үч түрү боюнча мелдештер өтөт.
Турнирге эркин күрөштөн жети спортчу жөнөтүлдү.
Абдымалик Карачов — 57 кг;
Улукбек Жолдошбеков — 61 кг;
Бекболот Мырзаназар уулу — 61 кг;
Алибек Осмонов — 70 кг;
Эрназар Акматалиев — 70 кг;
Саякбай Усупов — 79 кг;
Арсалан Будажапов — 79 кг.
Буга чейин грек-рим күрөшүнөн кайсы балбандар турнирде ат салыша турганы белгилүү болгон.
Ал эми кыз келиндер курама командасынан Айпери Медет кызы гана катышат.
Балбан кыз-келиндер үчүн спортзал курулат. Садыр Жапаров капсула салды