Өлкөдө автоунаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат бериле баштады

1-июнга карата 55 уруксат кагазы берилгени белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстанда унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн каттоого алып башташты.
1-июнга карата 55 уруксат кагазы берилген.
Каалоочулар "Унаа" мамлекеттик мекемесинин өздөрүнө ыңгайлуу аймактык каттоо бөлүмүнө же секторуна кайрылышы керек. Ал үчүн транспорт каражатынын катталгандыгы тууралуу күбөлүк жана автоунаанын ээсинин паспорту зарыл.
Министрликтин билдиргенине караганда, процедурага жалпысынан 30 мүнөттөй убакыт талап кылынат.
Уруксат баасы:
жеке жактарга — 80 миң сом;
юридикалык жактарга — 100 миң;
резидент эместер (чет элдиктер) — 120 миң сом.
Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет.
Эске салсак, апрель айынын ортосунда тонировканы легалдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Максаты — бюджетке салыктык эмес кирешелерди камсыздоо.
Алды 120 миң сом. Өкмөт унаалардын терезесин караңгылатуу акысын бекитти