Ташиев: Баткен аркылуу келген күйүүчү май аткезчилиги дээрлик токтоду

УКМК төрагасынын айтымында, аткезчилик менен алектенген адамдар Лейлек районундагы Арка, Жаштык, Достук айылдарында соода түйүндөрүн өзүнө таандык деп документ жасатып, товарларын андан ары өткөрүп турушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Күйүүчү майды Баткен облусу аркылуу Кыргызстанга мыйзамсыз алып келүү каналдарына дээрлик чекит коюлду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте айтты.
Ушул тапта Жогорку Кеңеште кезектеги жыйын өтүп, ага өкмөт мүчөлөрү катышууда.
"2021-жылдын апрель айындагы каргашалуу кагылышуудан кийин аткезчиликке ыңгайлуу Худжанд — Жаштык — Канибадам автожолунун боюнда жайгашкан 37 кайра жүктөө базасы, кампалар жана май куюучу жайлар толугу менен жабылган. Анын негизинде аткезчилик кескин кыскарды. Күйүүчү майдын мыйзамсыз кириши дээрлик токтоду", — деди Ташиев.
УКМК төрагасынын айтымында, аткезчилик менен алектенген адамдар Лейлек районундагы Арка, Жаштык, Достук айылдарында соода түйүндөрүн өзүнө таандык деп фиктивдүү документ жасатып, товарларын андан ары өткөрүп турушкан.
Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров парламентте уруша кетти. Видео