Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров парламентте уруша кетти. Видео

Ушул тапта Жогорку Кеңеште кезектеги жыйын өтүп, ага өкмөт мүчөлөрү катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаров парламентте айтыша кетти.
Ушул тапта Жогорку Кеңеште кезектеги жыйын өтүп, ага өкмөт мүчөлөрү катышууда. Алгач УКМК төрагасына сөз берилип, ал өз кызматкерлерине парламенттик трибунада көө жабылып жатканына нааразы болду.
"Депутат Адахан Мадумаров парламенттин трибунасынан туруп алып УКМК кызматкерлери элдин канын соруп, жон терисин шылып жатат деп айтууда. Ал эч негизсиз, далилсиз эле өзүнүн саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат", — деди Ташиев.
Ошол учурда залда отурган депутат Мадумаров ага жооп кайтарып, далилдерди талап кылды. Бирок микрофон болбогондуктан анын сөздөрү жакшы угулган жок.
"Урматтуу эмес Адахан Кимсанбаевич, азыр айткандарыма фактыларды келтирем. Ким менен кайсы жерде эмне кылып жүргөнүңүздү, кайсы контрабандачы сизге аш кылып берип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Сиз унчукпай туруңуз, маданиятыңыз барбы же жокпу?" — деди Ташиев.
Ал ортодо төрага Талант Мамытов тараптарды тартипти сактоого чакырды.
Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок