Саналуу күндөр калды. Кыргызстандык футболчулардын машыгуусунан 11 сүрөт

Жакында Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары өтөт. Бул күндү футбол күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүүдө. Анткени дал ушул мелдештердин жыйынтыгы менен континенттин биринчилигине жолдомо алган командалар аныкталат.
Sputnik
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук команда F тайпасында сингапурлук (8-июнь), мьянмалык (11-июнь) жана тажикстандык (14-июнь) атаандаштары менен ойнойт. Футболдук беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.
Жакында эле Кыргыз футбол клубу ЖМК үчүн футболчулардын ачык машыгуусун өткөрдү. Ал жактан тартылган 11 сүрөттү сунуштайбыз.
1 / 11

Оюндун баары Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 8, 11 жана 14-июнда саат 20:00дө башталат

2 / 11

Мында 30 футболчу машыгып жатат. Оюн алдында тизмеге булардын жетөө илине албай калат

3 / 11

Тайпада биринчи орунду алган команда Азия кубогуна жолдомо утат. Экинчи орундан да чемпионатка өтүү мүмкүнчүлүгү бар

4 / 11

Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин

5 / 11

Футбол күйөрмандарынын көбү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы беттешти күтүп жатат

6 / 11

Казакстандын "Туран" командасында ойногон 21 жаштагы дарбазачы Эржан Токотаев фавориттердин бири

7 / 11

Команданын тажрыйбалуу оюнчуларынын бири — Кайрат Жыргалбек уулу. Ал дагы Казакстандын "Аксу" командасында ойнойт

8 / 11

Эске салсак, 2019-жылы команда алгачкы жолу Азия кубогуна өткөн. Бирок БАЭ командасынан жеңилип калган

9 / 11

Бул жылы ата мекендик оюнчулар Азия биринчилигине өтүүгө аракет кылышат. Бирок азырынча ал кайда болору белгисиз. Анткени коронавирус кырдаалынан улам Кытай аны өткөрүүдөн баш тарткан

10 / 11

Оюнга карата учурда стадионду иретке келтирүү иштери жүрүп жатат

11 / 11

Футболдук мелдештин башталышына саналуу күндөр калды