Sputnik Кыргызстан редакциясында эколог Гамал Соронкулов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев болду. Адистер көз жоосун алган Чаткал тоолору, Күмүш-Так, Зулайканын көз жашы сыяктуу булактары, Кызыл китепке кирген алма, алмурут, гүлдөрү жана али чети чертилип иликтене элек тарыхый баалуулуктары тууралуу айтып беришти.
Кылымдап казса түгөнбөгөн алтынга бай, тоолорунда Кожожаш аңчылык кылган айтылуу Чаткал көздөн далдоо, жолдон алыс жайгашкан. Бул өрөөн тууралуу чет элдиктерди кой, кыргызстандыктар өзүбүз анчейин биле бербейбиз.
— Чаткал району Кыргызстандын өзгөчө кооз аймактарына кирет эмеспи. Алгач өрөөндүн жаратылыш байлыгы менен тааныштыра кетсеңиз?
Гамал Соронкулов: — Чаткалдын түштүк-батыш жана түндүк-батыш тарабында Беш-Арал коругу бар, ал ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине катталган. Мында дүйнө жүзүнүн башка жеринде жок мензбир сууру байырлайт. Райондун түндүк тарабында аркар, кулжалар бар. Чаткал кырка тоолору тоо теке менен даңкы чыккан. Убагында маралдар да болгон экен. Ошондой эле фаунанын чокусун илбирс мекендейт. Тилекке каршы, бул өрөөндүн жаратылышын, андагы жаныбарларды изилдеген адам жок. Фото, видеокапкандарды коюп Улуттук илимдер академиясы деле изилдөөгө кызыкпайт. Муну менен катар батыш Тянь-Шандын, анын ичинде Чаткалдын флорасы да укмуш сонун. Алмалардын түрү, Кызыл китепке кирген алмуруттун түрлөрү бар.
Эколог Гамал Сооронкулов: Чаткалдын түштүк-батыш жана түндүк-батыш тарабында Беш-Арал коругу бар, ал ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине катталган
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Терек-Сайга жакын Казан-Сай биотүрдүүлүгү коргоого алынган аймак болуп эсептелет. Анда азыркы алмалардын түпкү теги болгон "яблоня фиверская", "яблоня Недзвецкого" жана "груша Коржинского" өсөт. Бул сорттор Кызыл китепке кирген. Ушундай эле коргоого алынган жорулар да ушул жерлерди байырлайт. Гүлдөрдөн укмуш кооз Кауфман жоогазыны жана Грейг жоогазыны кездешет. Эң маанилүүсү, бүгүнкү күндө Чаткалдын токойлору талкаланууга дуушар болуп жатканы. Кыргызстанда ансыз да токой аз.
Бул өрөөндүн башынан аягына чейин эски коргон, шаардын калдыктары кездешет. Муну археологдор деле изилдеген эмес. Эгемендүүлүк алгандан бери бир гана археолог Айдай Сулайманкулова анча-мынча изилдөө иштерин жүргүзгөн. Ал да кийин каражатка байланыштуу токтоп калган.
— Чынарбек мырза, Чаткалдагы кайсы тарыхый жайлар каттоого алынып, тизмеге кирген?
Чынарбек Жолдошев: — Чынында Чаткал өрөөнү өзүнчө уникалдуу өрөөн. Тарыхый-маданий мурастардын жайгашышы да өзгөчө. 1950-жылдары археологдор изилдеп, бир канча ачылыштарды жасаган. Андан кийин көп деле изилдене элек. Бул өрөөндө коло доорунан баштап орто кылымдарга чейинки өтө көп эстеликтер жайгашкан. Алардын негизгилери республикалык маанидеги эстелик катары коргоого алынган. Азыр аталган өрөөндөгү Х-ХII кылымдарга таандык Күлбөс хандын чалдыбарын ЮНЕСКОнун маданий мурастарды коргоо тизмесине киргизүүгө аракеттенип жатабыз. Андан тышкары, Чаткал тээ байыртан кен байлык казган аймак болуп эсептелгендиктен, ошол орто кылымдардагы Караханийлер доорундагы Улуу Жибек Жолу өнүгүп турган кезде Чаткал, Талас өрөөнүндө күмүш, алтын кендерин чыгарган жайлардын орду бар. Бирок, тилекке каршы, бул совет мезгилинен кийин тарыхый жай катары аз бөлүгү гана сакталып калды. Мисалы, Кара-Дөбө деген жерде кен кол менен казылган дөбөлөр, рудалар кездешет. Аны туристтик объект катары колдонсок болот.
Чынарбек Жолдошев: совет мезгилинен кийин тарыхый жай катары аз бөлүгү гана сакталып калды. Мисалы, Кара-Дөбө деген жерде кен кол менен казылган дөбөлөр, рудалар кездешет. Аны туристтик объект катары колдонсок болот
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Учурда мындай тарыхый жайларды мыйзамсыз казуу иштери жүрүүдө. Алар буга металл издеген техниканы колдонуп, тарыхый жерлерди талкалап жарактан чыгарышууда. Биздин тарыхый баалуулуктарыбыз "кара базарга" сатылып кеткен учурлар арбыды. Бул аппаратты өлкө аймагында колдонууга жана сатууга чектөө киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Тарыхый баалуу жайларды, анда табылган буюм-тайымдарды сактап калуу максатында металл издеген жабдыктарды куралга теңөө мыйзамы сунушталууда. Жобо кабыл алынып калса металл издөөчү жабдыктарды геологдор же тиешелүү адистер гана сатып алып, максаттуу пайдаланып жана аны колдонгондугу тууралуу Маданият министрлигине отчёт берип турушу керек болот.
Г.С.: — Бул жобо абдан керек. Муну ишке ашырууга тарыхты, экологияны жакшы түшүнгөн активисттер да жардамдашат элек. Ошол Кара-Дөбө деген жерде VI-VII кылымдарда ата-бабалар алтын казып иштеткен тарыхый жайдын калдыктары сакталуу. Мындай аймакты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине каттатуу зарыл эле, тилекке каршы, ишке ашпай келет. Ал жерде 7,5 миллион куб таш үйүлүп жатат. Жергиликтүү калк Үйгөн-Таш деп коёт. Анын баарын ата-бабаларыбыз кол менен казып, үйүп чыгышкан. Бул таштар космостон да көрүнөрүн советтик окумуштуулар сүрөткө тартып алышкан. Жалал-Абад облусу боюнча экология тармагында иштеп турганда мыйзамсыз жер казгандарга далай күбө болдум. Тарыхый жерлерди экскаватор менен талкалап жатышканда ызы-чуу салып токтотуп да калган учурларым кездешти. Чаткал районунан алтын казгандын ордуна анын биотүрдүүлүгүн сактасак болмок.
Ошондой эле тарыхый мурастардын тизмесине Күлбөс хандын эстелигин эле эмес, Жанчар ханды да комплекс катары киргизген туура. Анткени экөө бир тууган деген тарыхый уламыштар бар. Булар изилдөөгө, коргоого чогуу алынышы зарыл.
Ч.Ж.: — Ооба, башынан эле үч изилдөө объектисин чогуу алганбыз. Күлбөс хан менен Жанчар хандын эстелигинин ортосунда X-XII кылымга таандык Ыдырыс пайгамбардын да күмбөзү бар. Бирок буларды ЮНЕСКОго каттатууга илимий жактан аныкталган маалыматтар жетишсиз болууда. Ошого келгенде такалып калдык. Анткени бизде бул тармактагы адистер жок. Жанчар хандын чалдыбары да учурда көп бөлүгү талкаланып, сактоо жаатында көйгөйлөр бар экен, ушул жагы опурталдуу болуп турат. Баарын иреттеп, кезеги менен каттатуу керек.
— Чаткалдын экологиясына терс таасирин тийгизип жаткан алтын казуу иштерин айтсак, мисалы, ошол эле Эти Бакыр-Терексай компаниясынын 25 пайызы "Кыргыз алтынга" тийиштүү экен. Эмне үчүн мамлекеттик үлүшү бар ишкана аймактын жаратылышына кайдыгер карап келет?
Г.С.: — Чаткалды жоготуп алдыкпы деп корком. Көп баалуулуктары талкаланып кетти. Муну чаткалдык туугандарыма да айттым эле. Тарых, археологиялык баалуу мурастардан айрылганыбыз аз келгенсип, экологияны талкалап жатабыз. Экологиялык соцпакет менен эч качан анын ордун толтура албайбыз. Мен азыркы Чаткалды "талкаланган Чаткал" дээр элем. Алтын казуу иштери, тилекке каршы, элдин ден соолугуна зыянын тийгизип, башкысы ынтымагына бүлүк салып койду. Аймакта учурда эл экиге бөлүнүп калды. Экологияны ойлогондор алтын кендерине каршы чыгып, ал эми бала-чакасы иштеп, кен казган компаниялардан айлык алгандар жабылбасын деп ызылдашат. Мында социалдык жактан элдин ортосунда чоң жарака кетти.
Азыр эми аймакта Эти Бакыр-Терексай, андан ары Казан-Сайдан "Иштамберди" компаниясы алтын казып жатат, Кара-Дөбө, Кара-Үңкүрдө алтын запастары бар. Андан ары Таластагы "Жерүй", айтор, тилекке каршы, ушул чөлкөмдүн жеринин баары эле алтындан турат. Тилекке каршы дегенимдин себеби, азыр Кыргызстан бул жерлерден казылып жаткан кендин зыянын гана тартууда. Жергиликтүү калк климаттын запкысын жесе, экологияга келтирилген кооптуулук өзүнчө маселе. Бул жерлерден алтын казган компаниялар рекультивация иштерин талапка ылайык жасабай, эл аралык эрежелерди аткарбай жатышат. Жыйынтыгында өлкө бир тыйын пайда көргөн жок. Ал эми чачыранды алтынды казуудагы зыяндын олуттуулугун түшүнгөн адам жакшы билет. Андыктан биз дагы Монголиядай кылып 51/49 пайыз деген эрежени киргизишибиз керек. Мындай тартипти талап кыла албайбызбы, анда азырынча бул алтындын казылышына тыюу салып койгон эле дурус болмок.
Кыргызстан чачыранды алтынды казуудан эч кандай пайда көрбөйт. Тескерисинче, экологиялык зыян тартып, жергиликтүү тургундар жабыркап келет. Эти Бакыр-Терексай алтын кенинен да чачыранды алтын казылат. Бул жаратылышка өтө кооптуу.
— Рекультивация маселесине токтолсоңуз. Мисалы, жаныбарлар абдан сезимтал болот эмеспи, канаттуулар шамал башкача соксо эле бөлөк жакка учуп кетишет. Биологиялык рекультивация кылуу менен талкаланган жерлердин канчасын калыбына келтире алабыз?
Г.С.: — 2016-жылы Кыргызстандын биотүрдүүлүгүнүн негизги аймактарын аныктоо долбоору жүргөн. Ошондо өлкө боюнча 32 аймак негизделген. Канаттуулардын да миграциялык жолу бар да. Алар ошол жер аркылуу учуп, дем алып, кайра жолун улаган. Сай, сууларды талкалоо менен ошол жолдорду жоготуп жатабыз. Рекультивациянын (калыбына келтирүү — ред.) эки түрү бар. Бири техникалык рекультивация. Муну да тыңдап кылбай, эптеп жасамыш болуп жатышат. Ал эми биологиялык рекультивация тууралуу сөз да жок. Чуркап жүрүп Жалал-Абад облустук башкармалык, жергиликтүү коомчулук менен беш гектар жерди биологиялык рекультивация кылдырганбыз. Бирок баштапкыдай болбоду. Мурунку өсүп жаткан чөптөр жок. Эми бул жагын колго алууну сүйлөшүп, жок болуп бара жаткан, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн питомник уюштурууну пландап жатабыз. Ушундай ниеттер бар. Мамлекет тарабынан, өкмөттөн кен казып жаткан компанияларга талап кылып, экологияны ойлогон эч ким жок болуп жатат. Болбосо биз эл аралык донорлорго "бирөөлөр бузуп кеткен экосистемабызды калыбына келтирүүгө жардам берип койгулачы" деп кайрылып жатабыз. Ал эми бул кендерден миллион долларлык алтындар чыгып кетип жатпайбы.