Бишкекте "Эл эмне жейт" тез татымындагы уулануунун себеби белгилүү болду

Буга чейин аталган жайдан шаурма жеген 11 адам ууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Эл эмне жейт" тез татымындагы ууланууга стафилококк себеп болгон. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Эске салсак, майдын башында аталган тамактануучу жайдан шаурма жеген 11 адам ууланган. Мекеме стафилококк салаттын жалбырагы менен помидордон табылганын билдирди.
Тез татым өз ишмердүүлүгүн жандантты. Мурда 13 миң сом айып салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндөгү эскертүү берилген.
Санэпидкөзөмөлдөө борбору тамактануу жайларын текшерүү боюнча кененирээк эртеңки маалымат жыйында айтып бере турганын кошумчалады.
Ош: төрт бир тууган балдар тортун жеп ууланган "Бар бол" ишканасына айып салынды