Радио

Иманалиев: "Балдар FM", "Достук" радиолорун кайра жандандыруу керек

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун милдетин аткаруучу Кайрат Иманалиев "Балдар FM", "Достук" радиолорунун коомдогу ролу абдан чоң болгондугун айтты.
Sputnik
Келечек муунду тарбиялоодо балдарга арналган жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган үналгылар абдан керек. Андыктан аталган радиолорду кайрадан жандандыруу зарылдыгы бар. Бул тууралуу Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарды тарбиялоодо жана кыргыз тилин өздөштүрүүдө маданий, адабий уктуруулар жетишпейт.
"Мен сегиз жыл КТРКнын радио боюнча башкы директорунун орун басары болуп да иштегем. Ошол кезде "Балдар FM", "Достук" радиолору ачылып, редакциясы түзүлүп ишин баштаган. Болгону жыштык алуу убактысына келгенде Маданият министрлигине кеткем. Этникалык улуттардын маданиятын, музыкасын чагылдыруу жана улуттар арасында достукту бекемдөөдө "Достук" үналгысынын орду чоң. Ал аркылуу Кыргызстандагы башка улуттарга өздөрүнүн тилинде кыргыздын адабиятын, маданиятын жеткирүүнү көздөгөнбүз. Ар бир диаспора менен иштешип, орус, дунган, уйгур, өзбек, казак, татар, украин, корей, түрк тилдеринде уктуруулар ачылган. Мындан тышкары, балдар үчүн уктурууларды даярдап турганбыз. Тилекке каршы, мен КТРКдан кеткенден кийин жаап салышыптыр. Балдар үчүн радио түзүү зарылдыгы бар. Эми мамлекет каржылап, мүмкүндүк жаралса сапаттуу долбоорлор ишке ашат", — деди Иманалиев.
Ошондой эле жетекчи КТРКнын "улуттук" макамды алышы редакциялык саясатты өз алдынча аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө, маалыматтык продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.