АКШлык финансист: Американын экономикасы "бороон-чапкын" алдында турат

Адистин айтымында, элдин топтоп койгон акчасы ашып кетсе 6-9 айга жетет. Андан кийин кыйынчылыктар башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. JP Morgan каржы корпорациясынын башчысы Жейми Даймон экономикалык "бороон-чапкын" баштала турганын эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Келе жаткан кризис карапайым элден дагы, банктардан дагы катуу даярдыкты талап кылат. Ал канчалык оор болорун азыр айтуу кыйын. Бирок кандай болгон күндө да  Федералдык борборго ишенип отура берүүгө болбойт", — деди финансист.
Анын айтымында, америкалыктардын азыр топтоп койгон акчасы ашып кетсе 6-9 айга жетет. Андан кийин кыйынчылыктар башталат.
Буга чейин Эл аралык валюта фонду АКШ экономикасы жыл башынан бери 4 пайыздан 3,7 пайызга төмөндөп кеткенин маалымдаган. Ошол эле учурда аталган фондунун Американын экономикасы кыйроого учурайт деген божомолу жок.
Ал эми Capital Economics компаниясынын аналитиги Нил Ширингдин айтымында, АКШнын экономикасы ушул жылдын экинчи жарымында басаңдай баштайт. Адистин пикиринде, узак мөөнөткө сакталчу товарлар, жабдуулар жана кыймылсыз мүлк көп сатылбай калат.
Британияда миллиондогон үй жарыксыз калары эскертилди