БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Уйкунун жетишсиздиги кандай ооруларды пайда кыларын бариатриялык хирург (ашыкча салмакка тиешелүү ооруларды дарылаган адис — ред.) Бекхан Хациев "Известия" басылмасына айтып берди.
Адистин пикиринде, эмгек жана эс алуу режиминин бузулушу бир катар көйгөйлөрдү пайда кылат. Мисалы, организм катуу чарчаганда зат алмашуу начарлап, кандагы кычкылтек азаят. Мындан улам организм инсулин менен глюкозаны туура эмес кабыл алып, акырындык менен кант диабетинин пайда болушуна түрткү болот.
"Изилдөөлөр көрсөткөндөй, суткасына беш сааттан аз уктаган чоң кишилердин жана 10 сааттан аз уктаган балдардын семирүү тобокелдиги жогорулайт. Анткени аз уктаган организмде тамакка табит күчөп, таттуу, майлуу тамак-ашка болгон муктаждык жогорулайт. Бул процесс өз убагында көзөмөлгө алынбай калса, кийин арыктоо дээрлик мүмкүн болбой калат", — деди дарыгер.
Ошондой эле уйкунун жетишсиздиги иммунитетти төмөндөтөрү айтылды. Натыйжада бул нерсе рактын, жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылышына себепкер болору кошумчаланды.