Жапаров балдар менен өзгөчө шартта жолугуп, сүйлөштү. Сүрөт

Окуучулар олимпиаданын алдында атайын чогулуп иш-чараларды өткөрүүгө болор-болбосуна жана президенттин шахмат ойнооруна кызыгышты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынан келген таланттуу мектеп окуучулары менен жолукту.
1 / 5

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынан келген таланттуу мектеп окуучулары менен жолукту

2 / 5

Ага президент менен кошо жубайы Айгүл Жапарова да келип, балдар менен Бишкектин чок ортосунан орун алган Эмен багындагы көк майсаңда пикир алышкан

3 / 5

Мамлекет башчынын маалымат кызматы жолугушууга окууда, чыгармачылыкта, спортто өзгөчөлөнгөн жана түрдүү предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен балдар катышканын кабарлады

4 / 5

Жапаров мектептеги кезинен эле шахматка жакын экенин, азыр бош убактысында ойной турганын айткан

5 / 5

Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга олимпиадага катышуучулар үчүн даярдык көрүү жыйындарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган.

Ага президент менен кошо жубайы Айгүл Жапарова да келип, балдар менен Бишкектин чок ортосунан орун алган Эмен багындагы көк майсаңда пикир алышкан.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы жолугушууга окууда, чыгармачылыкта, спортто өзгөчөлөнгөн жана түрдүү предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен балдар катышканын кабарлады.
"Баарлашуунун жүрүшүндө алар Жапаровго жеке жетишкендиктери тууралуу айтып беришип, ошондой эле аларды кызыктырган суроолорду беришти. Негизинен балдарды мамлекет башчысы шахмат ойнойбу, ийгиликке жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек деген суроолор кызыктырды. Ошондой эле мектеп окуучуларынын бири информатика боюнча эл аралык олимпиадага катышуучуларды даярдоо үчүн атайын жыйындарды Кыргызстанда да өткөрүү мүмкүнбү деген суроо узатты", — деп билдирди маалымат кызматы.
Жапаров мектептеги кезинен эле шахматка жакын экенин, азыр бош убактысында ойной турганын айткан.
Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга олимпиадага катышуучулар үчүн даярдык көрүү жыйындарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган.
"Мамлекет башчысы таланттуу, билимдүү жаштар элдин, өлкөнүн жаркын келечегинин үмүтү экенин белгиледи. Мектеп окуучуларына жергиликтүү жана эл аралык олимпиадаларда ийгиликтерди каалап, алардан келечектеги өлкө жетекчилери чыгып, элге, мамлекетке пайда алып келерине ишенимин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун соңунда мектеп окуучуларына эстелик белектер тапшырылган.
Көкүрөктөгү жалынды өчүрбөгүлө! Садыр Жапаров "Наристе" фестивалына катышты