Садыр Жапаров "Алтын балалыкта" канча бала эс алса болорун айтты

Мамлекет башчысы бүгүндөн баштап 15-сентябрга чейин республиканын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн балдар келип эс алып турарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" реабилитациялык комплекси бир эле мезгилде 400 баланы энелери менен кабыл ала алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган жайдын ачылыш аземинде айтты.
"Мамлекетибиздин келечегин татыктуу жаштарга өткөрүп берүүнү кааласак, балдарыбызды ар тараптан коргоо, алардын ден соолугун чыңдоо, шык-жөндөмүн, талантын ачып, максатына жетишине көмөктөш болуу сыяктуу иш-аракеттерди сапаттуу деңгээлде ишке ашырышыбыз керек. Келечегибиз балдардын, жаңы муундун сак-саламат жетилишинен көз каранды. Мамлекет мындай ары маанилүү, ары жоопкерчиликтүү иш-максаттарды көз жаздымда калтырбайт. Эртеңки күнүбүздүн жаркын үмүтү болгон балдарыбыздын эч нерседен тайманбай, көздөгөн максатына жете билген, ден соолугу чың эр-азаматтардан болуп чыгышына ар дайым маани беребиз", — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы бүгүндөн баштап 15-сентябрга чейин республиканын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн балдар келип эс алып турарын кошумчалады. Ар он күн сайын 250 бала кабыл алынып турат.
Мамлекет башчысы "Алтын балалыкта" балдардын пайдалуу эс алуусу үчүн өнүктүрүү, эстетика, этика, көркөм сүрөт, компьютердик сабаттуулук жана башка багыттар боюнча иш-чаралар өткөрүлүп турарын белгиледи.
Жапаров балдар менен өзгөчө шартта жолугуп, сүйлөштү. Сүрөт