ӨКМдин Ош башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Видео

Аталган факт боюнча Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“Пара берүү”) боюнча иш козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. УКМК Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси кармалганын айтып, видеосун жарыялады.
Ал бүгүн пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы кабарланды.
УКМКдан билдиришкендей, кармалган жаран кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, кол алдындагы майордун денесине оор залал келтирген. Анын эки кабыргасы сынган.
“Подполковник Ж.Ж.С. күнөөсүн мойнуна алып, бирок кандайдыр бир жоопкерчиликтен, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМКнын кызматкерине бир айлык маяна өлчөмүндө пара сунуштай баштаган”, — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“Пара берүү”) боюнча иш козголду.
Кармоо Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлдү.
4,5 млн. сомдук зыян. УКМК автоунааны мыйзамсыз ташуу каналына бөгөт койду