БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кызматтык турак жайларды жеке менчикке өткөрүү мөөнөтүн 10 жылга кыскартуу мыйзам долбоору сунушталды. Аны Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Жаныбек Абиров демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Учурдагы мыйзам боюнча, мамлекет тарабынан берилген үйдө 20 жыл жашагандан кийин гана өзүнүн атына өткөрө алат.
"Азыркы тапта кызматтык турак жайды менчиктештирүү укугуна ээ болуу үчүн кеминде жыйырма жыл жашоо керек. Бул кызматтык турак жайда жашагандарга карата бери болгондо адилетсиз болуп саналат. Эмгеги сиңген спортчуларга, мугалимдерге, маданият ишмерлерине кызматтык турак жайлар берилет. Бирок алар үйдүн документине эмес, ачкычына гана ээлик кылып калган учурлар кездешет", — деп жазылат долбоордун негиздемесинде.
Ошондой эле узак мөөнөттө жашап жүргөн убакта кызматтык турак жайды башкалар тымызын тартып алышы мүмкүн экени айтылган.