Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт", "Эркечтам" бекеттери жабылат

Эки пункт тең өзгөчө алгоритм менен иштейт. Анда Кытайдан Кыргызстанга гана жүк өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. 3-июндан 5-июнга чейин кыргыз-кытай чегиндеги "Торугарт" менен "Эркечтам" постторунда жүк өткөрүү токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Мындай кадам Кытай тараптын демилгеси менен болууда.
"Кытайда Дуань-у (Ажыдаар фестивалы — ред.) майрамына карата 2022-жылдын 3-5-июнь күндөрү "Торугарт – автожол" жана "Эркечтам – автожол" көзөмөл өткөрмө бекеттери жүк алып өтүүчүлөр үчүн убактылуу жабылат. Транспорт каражаттарын өткөрүү 6-июндан тарта жанданат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эки пункт тең өзгөчө алгоритм менен иштейт. Анда Кытайдан Кыргызстанга гана жүк өтөт.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Жапаров ишке ашпай жаткан себебин айтты