Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Ысык-Көлгө барат

Мамлекет башчысы билим берүү жана башка объектилердин абалы менен таанышат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы билим берүү жана башка объектилердин абалы менен таанышат.
"Ошондой эле ал реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат", — деп айтылат билдирүүдө.
Комплекстин ачылышы УТРК жана республикалык телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлөт. Эфир болжол менен саат 14:00дө башталат.
Көкүрөктөгү жалынды өчүрбөгүлө! Садыр Жапаров "Наристе" фестивалына катышты