БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" реабилитациялык комплекси пландалган учурда бүтүп ишке берилгендиги үчүн президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге ыраазычылык билдирди.
"Былтыр март айында келип, комплекстин абалы абдан кейиштүү экенин көрүп министрге тапшырма берген элем. Өзүңүздөр күбө болгондой, бүгүн, 1-июнда, балдардын биринчи тобу келип түштү. 10-15 күндүк майда-чүйдө жумуштары калыптыр. Аларды кошо бүтүрө берсе болот. Ушунун баарын уюштуруп, бир жылдан ашуун эмгектенген куруучуларыбызга, ар тараптан демөөрчүлөрдү таап, курулуш иштерин бүтүргөн министрибизге терең ыраазчылык билдирем", — деди президент.
Медициналык-реабилитациялык борбор 8 блоктон турат. Анда аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар. Ошондой эле комплексте уктоочу бөлүмдөр, клиникалык лабораториялар, тамактануучу, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томография орнотуу каралган.
Өткөн жылдын октябрь айында президент жерине барып, абалы начарлап кеткен комплексти калыбына келтирүү тапшырмасын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жүктөгөн.