Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Россияга каршы санкциялардын алтынча пакети француздардын айласын кетирүүдө

Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакети франциялыктардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө сокку урарын айтып, жергиликтүү калк теле аркылуу нааразычылыгын билдире баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Евробиримдиктин лидерлери Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакети боюнча макулдашкандан кийин, француздар күйүүчү май азыркыдан да кымбаттап кетет деп тынчсыздана баштады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Эске салсак, ЕБ башчылары май айынын соңунда Брюсселдеги саммитте санкциялардын алтынчы пакетинин алкагында Россияга жарым-жартылай мунай эмбаргосун киргизүү боюнча саясий келишимге кол коюшкан. Жаңы чектөөлөр деңиз аркылуу ташылган мунайга тиешелүү. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин айтымында, 2022-жылдын аягына чейин ЕБ россиялык мунай импортунан дээрлик 90 пайызга баш тартууну көздөп жатат.
Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакети франциялыктардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө сокку урарын айтып, жергиликтүү калк теле аркылуу нааразычылыгын билдире баштады.
"Мен автоунаамды күн сайын айдайм, кеминде жумасына бир жолу бакты толтура бензин куюшум керек. Албетте, мен үчүн бул нерсе өтө кымбат болууда. Баа мындан да жогору көтөрүлсө, кантип жашарыбызды билбейм", — деди тургун.
Франциянын Экономикалык изилдөөлөр борборунун адиси Селин Антонин жакын арада бензиндин баасы сөзсүз көтөрүлөрүн айтты. Анын пикиринде, мунайдын баррели 130-150 долларга чейин жетиши мүмкүн. Мындай шартта баа дагы 2,2-2,3 пайызга жогорулайт.
Батыш өлкөлөрү Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Москвага санкциялык кысымын күчөткөн. Евробиримдиктин санкцияларынын алтынчы пакети энергия булактарынан баш тартуудан тышкары экономикалык ишмердүүлүктү чектөө жагын дагы карайт.
Бельгия премьер-министри: эки өлкө Россиядан мунай сатып ала берет