РФ менен Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан экспорттоого тыюу салууну сүйлөшүүдө

Россия дан азыктарын ЕАЭБ мамлекеттерине алып чыгууга 30-июнга чейин тыюу салган токтом кабыл алган. Ушундай эле сунуш ири экспортчу Казакстанга да сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Казакстан менен Россия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге дан эгинин экспорттоого чектөө киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграция министри Бахыт Султановго шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Буга чейин Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин дан азыктарын РФтен ЕАЭБ мамлекеттерине алып чыгууга 30-июнга чейин, ал эми кумшекерди үчүнчү өлкөлөргө чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган токтомго кол койгон. Документке ылайык, буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү алып чыгууга болбойт. Башкача айтканда, эми ЕАЭБ мамлекеттери Россиядан 30-июнга чейин дан азыктарын ала алышпайт. Бул чечим Россиянын эгини ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу транзит менен чыгарылып кетпесин деген максатта кабыл алынган. Эми Россия ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге дал ушундай кадамга барууну сунуштоодо.
Бирок региондогу ири экспортчулардын бири болгон Казакстан буга макул эмес.
"Сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Албетте, биз Россиядагы кырдаалды түшүнөбүз. Бирок уюмдун ичинде кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө каршы чыгып келебиз. Биз үчүн товардын ээн-эркин сатылганы маанилүү", — деди Султанов.
Ошондой эле ал сүйлөшүүлөр менен катар россиялык адистер менен бирге анализдер жана эсептөөлөр жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Казакстанда быйыл буудайдын түшүмү жакшы болот деп күтүлүүдө