Лавров ЕБдин аскердик күчкө айланышы боюнча пикирин айтты

Сергей Лавровдун пикиринде, аскерлештирилген альянс — Батыштын идеалы.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин Европа биримдиги аскердик күчкө айланышы керек деген сөзү — Евробиримдиктеги агрессивдүү азчылыктын көпчүлүккө өзүнүн русофобиялык позициясын таңуулоосу. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости билдирди.

"Балким мунун баары сөз бойдон эле калчу божомолдор. Бирок отсуз түтүн болбойт", — деди Лавров Сауд Аравиядагы сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.

Ал белгилегендей, Европа биримдиги “агрессивдүү русофобиялык көз караштарды көп жылдардан бери таңуулап келет”.
Лавров кошумчалагандай, аскерлештирилген альянс — Батыштын идеалы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай: Батыш Украинадагы жаңжалдын отуна май тамызганын токтотушу керек