Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай: Батыш Украинадагы жаңжалдын отуна май тамызганын токтотушу керек

Кытайлык ЖМКлар Батыш өлкөлөрү Украинадагы жаңжалдын уланышына кызыкдар экенин айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кытай Батышты Россияга каршы мыйзамсыз санкцияларды алып салууга жана отко май тамызууну токтотууга чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
"Украинадагы кырдаал боюнча Кытай ок атышууну токтотууга чакырат. Бул үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү жана каналдарды колдонуп, тараптарга диалог түзүп берүүгө аракет кылууда. АКШ менен Батыш өлкөлөрү тымызын иштерин токтотушу керек", — деди Лицзян.
Россия Украинадагы атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Буга чейин Кытайдын Элдик бошотуучулар армиясынын отставкадагы улук полковниги Чжоу Бо Украинадагы россиялык атайын операциянын башталышына НАТОнун Чыгышты карай кеңейүү боюнча саясаты гана себеп болгонун айтып, сынга алган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасста каза болгон балдар. Москвада АКШ элчилигинин имаратында видео көрсөтүлдү