Бишкекте Kids IT Day фестивалы ачылды. Программа

БШК иш-чаранын программасы менен бөлүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкекте Kids IT Day балдар фестивалы ачылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди (БШК).
1 / 4

Бишкекте Kids IT Day балдар фестивалы ачылды

2 / 4

БШК иш-чараны Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурган

3 / 4

Иш-чаранын максаты — балдардын инновациялык жана маалыматтык технологиялар боюнча деңгээлин көтөрүп, ушул багыттагы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу

4 / 4

Иш-чарага 15-17 жаштагы 200дөй бала катышууда. Алардын арасында математика жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү, Бишкек шаарындагы мектептерде билим алган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар бар.

БШК иш-чараны Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурган.
Программа:
Маалыматтык коммуникациялык технология тармагынын адистери менен эксперттердин мотивациялык тренингдери;
Демөөрчүлөр жана өнөктөштөр белек менен камсыздаган сынактар жана интерактивдер;
Блогерлерден флешмоб;
Киберспорт боюнча турнир;
Программалоо жана робот техникалары боюнча мастер-класстар.
Иш-чаранын максаты — балдардын инновациялык жана маалыматтык технологиялар боюнча деңгээлин көтөрүп, ушул багыттагы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу.
Иш-чарага 15-17 жаштагы 200дөй бала катышууда. Алардын арасында математика жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү, Бишкек шаарындагы мектептерде билим алган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар бар.
Фестиваль БШКнын сайты жана соцтармак аркылуу онлайн форматта көрсөтүлөт.
Жапаров балдар менен өзгөчө шартта жолугуп, сүйлөштү. Сүрөт