"Кыргыз темир жолу" алган жаңы 100 вагондун баары өлкөгө келди. Сүрөт

Вагондордун жалпы суммасы 456 миллион сомдон ашык каражатты түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстан сатып алып жаткан жүк ташуучу 100 вагондун баары өлкө аймагына алып келинди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
1 / 5

Кыргызстан сатып алып жаткан жүк ташуучу 100 вагондун баары өлкө аймагына алып келинди

2 / 5

Эске салсак, буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасы өз каражатына Россиянын "Алтай Вагон" ишканасынан 100 даана чакан вагон сатып аларын билдирген

3 / 5

Анын биринчи партиясы декабрда келген болчу

4 / 5

Вагондордун жалпы суммасы 456 миллион сомдон ашык каражатты түздү

5 / 5

Вагондор менен ар кандай материалдарды, чоң жүктөрдү, иштетилбеген жыгачты жана башка материалдарды ташууга болот.

Эске салсак, буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасы өз каражатына Россиянын "Алтай Вагон" ишканасынан 100 даана чакан вагон сатып аларын билдирген. Анын биринчи партиясы декабрда келген болчу. Вагондордун жалпы суммасы 456 миллион сомдон ашык каражатты түздү.
"Дүйнөдөгү акыркы окуяларга карабастан жаңы вагондор баштапкы баада сатып алынды. Завод үч жылдык кепилдик берет. Вагондордун кызмат мөөнөтү 30 жыл. Жакынкы үч жылда жаңы вагондорду оңдоо зарылдыгы болбогондуктан вагондук паркты кармоого кете турган чыгым кыскарат", — деп айтылат маалыматта.
Вагондор менен ар кандай материалдарды, чоң жүктөрдү, иштетилбеген жыгачты жана башка материалдарды ташууга болот.
Пресс-борбор
"Кыргыз темир жолунда" жетекчилик курам менен чыгым кыскарды