БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкекте калкты тейлөө борборлоруна кезекке онлайн туруу үчүн атайын система киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул үчүн Earlyone мобилдик тиркемеси сунушталат.
Аны колдонуунун тартиби:
Play Market же App Store функцияларынан Earlyone тиркемесин көчүрүп алуу керек;
Өлкөнү (Кыргызстан) жана тейлөөнүн ыңгайлуу тилин (орус же кыргыз) тандайсыз;
Андан соң Калкты тейлөө борборун, бара турчу күндү, убакытты жана кандай кызмат аларыңызды көрсөтөсүз;
Тиркеме кодду генерациялап, электрондук кезек тутумунда виртуалдык орун түзүлөт.
Калкты тейлөө борборуна баргандан кийин электрондук кезек терминалына тиркемеде берилген кодду киргизүү керек. Ал жерден талон берилет. Талондун номери күтүү залындагы мониторго чыгарылат.
"Белгиленген убакыттан 20 мүнөт эрте келүү зарыл. Эгерде кардар көрсөтүлгөн убакытка үлгүрбөй жатса, анда тиркеме аркылуу кезекти 15 мүнөткө жылдырса болот", — деп айтылат маалыматта.
Мындай системаны өлкөнүн бардык аймактарындагы калкты тейлөө борборлорунда ишке киргизүү пландалып жатканы кошумчаланды.