Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарынын жумушка орношуу укугу бирдей. Башкача айтканда, Россия Федерациясына иштөө үчүн барган кыргызстандыктын ошол өлкөнүн жаранындай эле укук, милдеттери бар. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда биримдик ичинде эмгек мигранттарынын үй-бүлөсүн медициналык камсыздандыруу маселеси каралып жатат.
"ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүнчү мамлекеттерден келгендерге салыштырмалуу бир топ эле жеңилдиктерге ээ. Уюм ичиндеги беш мамлекетте ишке орношууда баарынын укугу бирдей. Мейли ал ошол өлкөнүн жараны болсун же биримдиктин алкагындагы беш өлкөнүн биринен келсин, иш берүүчү үчүн айырмасы жок. Мындай мүмкүнчүлүк Өзбекстан же Тажикстандын жарандарында жок. Ал эми 2021-жылдын декабрь айынан тарта киргизилген Россия Федерациясынын өзүнүн эки мыйзамына ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары да бармак изин тапшырышат жана тиешелүү документтерди чогултушат. Ооба, миграция маселеси бул ар бир өлкөнүн улуттук иши, бирок жогоруда көрсөтүлгөндөй айрым пунктуларына ЕАЭБ мамлекеттери үчүн өзгөртүү киргизүү керек. Биз бул багытта иштеп жатабыз", — деди Өмүрбекова.
Ал федерациянын бул эки мыйзамын аткарууда ЕАЭБ мамлекеттерине жеңилдиктер берилгенин, бирок булар жетишсиз экенин кошумчалады.
Эске салсак, 2021-жылдын 29-декабрынан тарта "Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу" жана "Россия Федерациясында мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү" федералдык мыйзамдары күчүнө кирген. Ага ылайык, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды ЕАЭБге мүчө мамлекет жарандары үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен бирдей негизде аткаруусу шарт.