Радио

Рыскулов: Чек ара кызматында иштейм деген уландар көбөйүүдө

УКМКнын Чек ара кызматынын Башкы чек ара кайтаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Каныбек Рыскулов тармакта олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп, заманбап жабдуу, техника, курал-жарак жана учкучсуз учактар алынып жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө быйыл 23 жыл толду. Мекеме 1999-жылдын 28-майында президенттин жарлыгы менен негизделген. Бул тууралуу Каныбек Рыскулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өсүп келе жаткан жаш муунду патриоттуулукка үндөп, тарбиялоодо Чек ара кызматынын ролу чоң.
"Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап алдында биринчи кезекте чек арасын бекемдөө тапшырмасы турган. Алгач чек араны кайтаруу заставалары катары мектеп, бала бакчалар колдонулган. Бүгүнкү күндө 10дон ашык талапка жооп бере турган жаңы заставалар курулуп, 11ге жакыны реконструкциядан өттү. Андан сырткары, көзөмөл өткөрүү жайларында дагы оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Ар бир заставада видео байкоо орнотулуп, жаңы байланыш каражаттары менен камсыздалып, чек арачылардын жумушу жеңилдеди. Аскер кызматкерлерине келсек, бизде кесипкөйлүктү жогорулатуу борборлору бар. Ар биринин багыты боюнча пландуу окутуу-даярдоо иштери жүрөт. Ошондой эле кинология борборунда адистер даярдалат. Чек арачылар, ардагерлер кеңеши, коомдук институттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жыйындар уюштурулуп, чек ара заставаларында жаштар үчүн ачык эшик күндөрү өткөрүлүп турат. Бүгүнкү күндө региондордогу мектептерде 9-11-класстар арасында жаш чек арачы деген 83 класс ачылган. Мектептеги педагогдор гана эмес чек арачылардын катышуусунда сабактар уюштурулат. Анын жыйынтыгында чек ара кызматында иштейм деген уландардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Учурда чек ара чөйрөсүндө олуттуу өзгөрүүлөр болуп, заманбап жабдуулар, жаңы техника, курал-жарак жана учкучсуз учактар алынып жатат. Россия менен түзүлгөн келишимдин негизинде өткөн жылы аскердик техникалык жардам алынган. Ошондой эле түштүк региондогу чек ара отряддарынын заманбап заставалары курулду", — деди Рыскулов.
Ал чек ара инфратүзүмүн ырааттуу өнүктүрүү, мекеменин оперативдик, техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү, чек ара жоокерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жаатында мамлекет тарабынан жакшы колдоо бар экенин кошумчалады.