Фестиваль жана акысыз балмуздак. Бишкектеги балдар майрамынан 17 сүрөт

Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн майрам кандай өткөнүн көрүңүз.
Sputnik
Эртең менентен тарта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жана парктарында шаардыктар үчүн концерт уюштурулду. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун катышуусунда балдардын II эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалы башталды.
Өлкө башчы катышуучуларга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана чыгармачылык ийгилик каалады.
Фестивалга Россиядан, Казакстандан, Монголиядан жана Кыргызстандын бардык облустарынан келген балдар катышууда. Анда балдардын фольклордук, бий жана аспаптык ансамблдери таланттарын тартуулады. Ошондой эле мастер-класс көрсөтүлүп, чыгармачылык жолугушуулар жана башка иш-чаралар уюштурулду.
1 / 17

Жайдын биринчи күнүндө бишкектиктер Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилешти

2 / 17

Президент Садыр Жапаров балдардын II эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалынын ачылышына катышты

3 / 17

Эртең менен "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабылды

4 / 17

4 миңден ашык бала марш басты

5 / 17

Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым майрамда конок болушту

6 / 17

Фестивалга Россиядан, Казакстандан, Монголиядан жана Кыргызстандын бардык облустарынан балдар келди

7 / 17

Фестивалдын алкагында этникалык мода көргөзмөсү өттү

8 / 17

Атасынын мойнуна минген бала

9 / 17

Балдардын фольклордук, бий жана аспаптык ансамблдери таланттарын тартуулады

10 / 17

Панфилов атындагы паркта эс алып жүргөн балдар

11 / 17

Эмен багында балдар үчүн этноаянтча уюштурулуп, мастер-класстар өткөрүлдү

12 / 17

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөө учуру

13 / 17

Фестивалдын катышуучулары

14 / 17

Балдар үчүн түрдүү оюндар уюштурулуп, бекер балмуздак таратылды

15 / 17

Гүлдөрдүн жанынан сүрөткө түшүп жаткан кыз

16 / 17

Фестивалдын ачылышынан кийин майрам башталды

17 / 17

Өлкө башчы катышуучуларга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана чыгармачылык ийгилик каалады.