Радио

Жумадылов: Ысык-Көлдөгү пляждарга бардык адамдар тоскоолдуксуз кире алат

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Калыбек Жумадылов түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Учурда санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын 1-июлунан тартып Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан тосмолор демонтаждалып, аларды мындан ары орнотууга тыюу салынат. Бул тууралуу Калыбек Жумадылов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бир айдын ичинде эс алуу жайларынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп, мыйзамсыз иштер аныкталат.
"Ысык-Көлдөгү көптөгөн курорттук-рекреациялык объектилер тосмолорду орнотуп, калктуу конуштардын тургундарын пляжга киргизбей жатканына байланыштуу президенттин жарлыгы чыккан. Бул указ аймактагы туристтик потенциалды жакшыртып, ыңгайлуу шарт түзөт деп айтууга болот. Учурда санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждердин ээлери арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын 1-июлунан тартып Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан тосмолор демонтаждалып, аларды мындан ары орнотууга тыюу салынат. Президенттин указында жергиликтүү тургундарга гана байланыштуу укуктар каралган. Бирок бардык жарандар Ысык-Көлдөгү пляждарга тоскоолдуксуз кире алат", — деди Жумадылов.
Ошондой эле адис Ысык-Көл району туристтик аймак болгондуктан инфратүзүмдү жакшыртуу максатында коомдук жайда биодааратканалардын санын көбөйтүү каралып жатканын кошумчалады.