БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча айып тагылды. Бул тууралуу жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, мурдагы президент 337-берене ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган") боюнча шектелип жатат. Ишти Башкы прокуратуранын тергөө кызматы иликтөөдө.
Слесарев Атамбаевдин буга чейин суракка чакыртылып, бирок баруудан баш тартканын белгиледи.
"Алмазбек Шаршеновичтин позициясы мурдатан белгилүү", — деди жактоочу.
Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон. Анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, Кой-Таш окуялары бар.
12 жыл мурда Апрель окуяларынын кийин июнда Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, жыйынтыгында 400дөй адам каза болгон. Атамбаев ал учурда Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп, экономикалык блокту көзөмөлдөгөн.