Радио

Досалиев: ЖККУ алкагында бирдиктүү аскердик билим берүүнү жолго коюу зарыл

Атайын кызматтын ардагери Нурлан Досалиев ЖККУнун алкагында аскердик билим берүү боюнча маселени чечүү зарыл экенин белгиледи.
Sputnik
Россиядан аскердик билим алган кыргыз жарандары чет элдиктер категориясына кирет. Бул тууралуу Нурлан Досалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, РФте аскердик билим берүүдө негизги жана атайын деген түшүнүк бар.
"Россияда азыр аскердик билим берүүдө негизги жана атайын деген түшүнүк бар. Негизгиде РФ жарандары үчүн комплекстүү билим берилет. Ал эми кыргыз, казак, өзбек жана башка өлкөлөрдүн жарандары Россиядан аскердик билимди атайын факультетинде алышат. Ошондуктан толук аскердик билим берилбейт. Анткени алар чет элдиктер деген категорияга кирип калышат. Андыктан толук кандуу билим алуу үчүн ЖККУнун алкагында же Орто Азия өлкөлөрү Россия менен бирдиктүү система түзүшү керек. Анда курал, куралдуу күчтөр, атайын кызматтар, деги эле күч структуралар, аскердик билим берүү жаатында бирдиктүү система түзүү зарыл", — деди Досалиев.
Ошондой эле ал Кыргызстан өз коопсуздугун ЖККУ аркылуу гана камсыздай аларын кошумчалады.