БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШнын финансы министри Жанет Йеллен анын инфляция боюнча божомолдору өтө эле оптимисттик маанайда болгонун мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Былтыр Йеллен АКШдагы инфляция "анча чоң эмес тобокелдик" экендигин айткан. Ал эми 2022-жылдын март айында инфляциянын деңгээли 1981-жылдан бери рекорддук көрсөткүчкө чыгып, 8,5 пайызды түзгөн. 2021-жылдын августунан тарта баанын өсүшү апрелде басаңдап, 8,3 пайыз болгон.
"Инфляция боюнча жаңылыш ой жүгүртүп алыптырмын... Мурдараак белгилегенимдей, энергия менен азык-түлүктүн баасы өсүп, товарларды алып келген чынжырчанын бузулушунан катуу сокку урулуп, экономикада жаралган шокту эч ким күткөн эмес. Анда мен толук түшүнбөптүрмүн, бирок азыр аны моюнга алып жатабыз", — деген ал CNN телеканалынын эфиринде.
Май айында АКШнын Федералдык резерв системасынын башчысы Жером Пауэлл инфляцияны төмөндөтүү үчүн өлкөдө регулятор пайыздык чендерди көтөрүп, "катаалыраак кадамдарды" жасаганга даяр экендигин жар салган. Муну ал өкмөт инфляция темпин басаңдатуу үчүн жасаган чараларына комментарий берип жатканда айткан.