Россия газы боюнча эмбаргону кезектеги санкцияларга киргизүү талкууланбайт

Австрия канцлери энергетика менен жабдуу коопсуздугунда нефтиге караганда газ маселеси өтө олуттуу экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Россиянын газына эмбарго салууну Евробиримдиктин кезектеги санкциялар пакетине киргизүү талкууланбайт. Бул туурасында Австрия канцлери Карл Нехаммердин айтканын РИА Новости жазды.
"Кечээ эле түшүнүктүү болгон, бүгүн да кайталап коеюн, газга эмбарго коюу талкууланбайт, бул боюнча Олаф Шольц да түшүнүктүү кылып айтты", — деген Нехаммер ЕБдин саммитине келгенде.
Анын айтымына караганда, энергетика менен жабдуу коопсуздугунда нефтиге караганда газ маселеси такыр башкача. Россиялык ресурстан баш тартса, мунайды башкасы менен алмаштырууда оорчулук жаралбайт.
"Газ маселесине келгенде такыр башкача, андыктан газ боюнча эмбарго суроосу кезектеги санкциялык пакетте да талкууланбайт", — деп кошумчалаган ал.
Германиянын VNG компаниясы газ акысын Россия айткандай төлөөгө макул болду