Омар Султанов БУУнун Женевадагы кеңсесинин туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Буга чейин аталган кызматта Алмазбек Бейшеналиев иштеп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Омар Султанов Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматта Алмазбек Бейшеналиев иштеп турган. Ал февраль айында кайтып келип, билим берүү жана илим министри болуп бекитилген.
Кыргызстандын президентинин иш башкаруучусу алмашты