Кыргызстанда инфляция качан басаңдайт? Евразия өнүктүрүү банкынын божомолу

Жылдын экинчи жарымында керектөөчү баалардын өсүү темпи төмөндөшү күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргызстандагы 2024-жылга чейинки инфляцияны божомолдоду. Мындай маалыматтар ЕАӨБдүн 2022-2024-жылдарга карата макроэкономикалык божомолунда камтылган.
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын аягында инфляция 15,3 пайызды түзөт. Инфляцияга кептеген факторлор дүйнөлүк рынок тарабынан февраль-март айларында күчөгөн.
"Бул жагдай инфляциянын өсүшүн аныктайт, жылдык көрсөткүчтүн жогорку чеги IV кварталга туш келип калат. Жеткирүү чынжырчасынын үзүлүшү баага карата жасалган жогорку басымды улантат. 2021-жылдын жаз айындагы кургакчылыкты эске алып караганда 2022-жылдын жай айынын башында жемиш жана жашылчалардын баасы убактылуу көтөрүлөрүн күтүүгө болот. Жылдын экинчи жарымында ички керектөөнүн азайышы инфляцияны басаңдатууга көмөкчү болот", — деп божомолдонгон.
Ошондой эле орто мөөнөттүү убакытта керектөөчү баалардын өсүү темпи төмөндөшү күтүлүүдө. Дүйнөлүк рыноктогу азык-түлүк боюнча кырдаал нейтралдуу таасир этиши мүмкүн. Ал эми мунайзат рыногу тарабынан жасалган басым дагы орто мөөнөттүү аралыкта басаңдайт.
Жалпысынан инфляциянын төмөнкүдөй деңгээли болжолдонууда:
2022 — 15,3 пайыз;
2023 — 4,6 пайыз;
2024 — 4 пайыз.
Кыргызстанда быйыл жана кийинки жылдары доллар баасы кандай болот? Божомол