Пресс-борбор

Жаза аткаруу кызматы айрым түзөтүү колониялары кайда көчүрүлөрүн айтып берди

Жалпысынан республика боюнча жаза аткаруу системасына тиешелүү 27 мекеме бар.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде шаардын чегинде жайгашкан түзөтүү мекемелерин көчүрүү пландары тууралуу айтып берди.
Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев
Жалпысынан республика боюнча жаза аткаруу системасына тиешелүү 27 мекеме бар.
"Буга 11 түзөтүү колониясы, 10 жатак колониясы жана алты СИЗО кирет. Негизи алар Чүй облусунда жайгашкан", — деди Эгембердиев.
Жаза аткаруу кызматына Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын аймагында жайгашкан объектилерди көчүрүү милдети жүктөлгөн. Учурда № 47 түзөтүү колониясын башка жерге көчүрүү иштери жүрүп, тиешелүү объектилердин курулушу башталды.
"Анда жайгашкан борбордук оорукананы Молдовановкадагы № 31 түзөтүү мекемесине курууну пландап жатабыз. Негизи курулуш иштери башталды, жакынкы арада кирпич коёбуз. Имараттын өзү эле эмес, коммуникация, ашкана жана таштандыларды чыгаруучу, жашылча-жемиш сактоочу жайларын ишке киргизүү керек. Эч кандай тоскоолдуктар болбосо, быйыл объектинин курулушун бүтүрөбүз деп турабыз", — деп түшүндүрдү кызматтын жетекчиси.
№ 47 абакта жаткандар №10 (Жалал-Абад), №27 (Чүй облусу, Молдовановка) жана №8 (Чүй облусу, Петровка) колонияларга которулат. № 8де жаңы корпустун курулушу башталды.
"Жакында Жалал-Абад шаарындагы жер тилкелерин трансформациялоо маселеси чечилди. Бул шаарда жалпы режимдеги 10-колония жана №53 мекеме бар, аларда тергөө учурунда кармалып тургандар жайгаштырылган. Биз буга чейин эки объектинин тагдырын чечкенбиз. Шаардан алыс эмес жерге изолятор, Базар-Коргон районуна колония курабыз", — деди Эгембердиев.
Ал эми СИЗОсу көптөн бери иштеп жаткан Ош шаарына келсек, учурда жаңы имаратка жер тилкесин берүү маселеси чечилип жатат.
Эгембердиев кошумчалагандай, Караколдо ушундай эле абал. Ал жакта СИЗО кичине болгондуктан, анча чоң көйгөйлөр жок. Болгону адистер жерине барып жаңы жер тилкелерин карап жатышат.
Ырчы-чоорчуларды абактарга келип ырдоого чакырышты. Сүрөт