БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү Ялкун Даутов Кыргызстанда сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мүлкүн мониторинг кылган автоматтык система киргизүүнү сунуштады.
Бүгүн, 31-майда, аталган кеңештин жыйыны болуп, анда Кыргызстандын 2022-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясынын долбоору презентацияланды.
Ошондой эле үч пунктудан турган иш-аракеттердин стратегиялык планы тартууланды:
коррупция үчүн жазадан бошотпоо;
бизнес-чөйрөдөгү коррупцияга каршы күрөш;
коррупцияга каршы үгүттөө жана пропагандалоо.
Даутов биринчи маселе боюнча сөз сүйлөп, Кыргызстанда укук коргоо органдары менен сот органдарынын кызматкерлеринин мүлкүн мониторинг кылган автоматтык система киргизүүнү сунуштады.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына стратегияны алгач бийлик кабыл алышы керектигин айтып, андан соң аталган системаны кантип киргизүү керектигин чече турчу жумушчу топ түзүлөрүн айткан.