"Манаста" 5 жылдан бери учак турат, карызы 13,7 млн. сомго жетти. Сүрөт

Мыйзамсыз алып келинген аба кемеси үчүн компания 13,7 миллион сом төлөшү шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда 2017-жылдан бери Diamond DA 42М-NG үлгүсүндөгү жеңил моторлуу самолет турат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Ведомство кабарлагандай, бажылык мыйзам бузуулар катталган. Аба кемеси S.K.G.A ЖЧКсына таандык.
"Бажы органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган системасында транспорт каражаты бажы каттоосунан өтпөгөнү тууралуу маалымат жазылган. Мында ЕАЭБдин бажы мыйзамдары бузулган", — деп айтылат маалыматта.
"Убактылуу киргизүү" бажы процедурасы боюнча компания 5,5 миллион сом төлөшү керек, ал эми "ички керектөөдөн чыгаруу" процедурасына 8,2 миллион сом төгүшү шарт.
Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
4,5 млн. сомдук зыян. УКМК автоунааны мыйзамсыз ташуу каналына бөгөт койду