ИИМ куралы бар адамдарды окутуп, текшерүүдөн өткөрүп турат

Текшерүүдө жакшы жыйынтык көрсөткөн жаранга сертификат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жарандык жана кызматтык куралдарды коопсуз колдонуу эрежеси, окутуу программасы жана текшерүүнү жөнгө салуу тартиби бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков документте спорттук, аңчылык, өзүн-өзү коргоо куралдарын биринчи жолу сатып алып жаткан жарандар куралды коопсуз колдонуу эрежелерин билүү боюнча текшерүүдөн өткөрүү камтылганын белгиледи.
"Тиешелүү лицензиясы бар билим берүү уюмдарында курал ээлери жана колдонуучулар даярдыктан өтөт. Текшерүүдө жакшы жыйынтык көрсөткөн жаранга сертификат берилет. Мындай программа мыйзамдагы курал колдонуу жөнүндө нормаларды сактоого жана жоопкерчиликтүү болууга багытталган", — деди Ниязбеков.
Мындан сырткары, окутууда куралдын тактикалык-техникалык жактары, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздери жана практикалык атуу үйрөтүлөт. Ошондой эле куралды каттоо (кайра каттоо), алып жүрүү, сактоо эрежелерин бузуу үчүн каралган жоопкерчиликтер эскертилет.
Жапаров курал, инженердик жабдууларды көрдү. Сүрөт