Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салына баштайт

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 1-июлдан баштап энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт.
Энергетикалык суусундуктардын катарына, КР мыйзамдарына ылайык, организмге сергитүүчү таасир берүү үчүн жетиштүү санда кофеинди же башка сергитүүчү компоненттерди камтыган алкоголсуз суусундуктар кирет.
Кошумча маалыматты салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлери аркылуу алса болот.
Кафе-ресторандардын салык төлөмдөрүн азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды