Кыргызстанда быйыл жана кийинки жылдары доллар баасы кандай болот? Божомол

Евразия өнүктүрүү банкы макроэкономикалык божомолун жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстанда доллардын орточо курсу 85,7 сомду түзө турганын Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) божомолдоодо.
Банк 2022-2024-жылдарга карата макроэкономикалык божомолун жарыялады. Марттын орто ченинде доллар 105 сомго чыгып, кийин улуттук валюта бекемделгени эскертилди. Апрелде курс 80-92 сомдун тегерегинде болду.
"Геосаясий абал басаңдаган сайын сом турукташып, жыл соңунда бир доллар 84-86 сомду түзүп калышы толук ыктымал. Буга ички рынокту турукташтыруу үчүн бийлик тарабынан көрүлгөн чаралар жана экономикалык агенттердин жаңы шарттарга көнүп калганы таасир этет", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, божомолго ылайык, келерки жылы доллар 92,1, ал эми 2024-жылга чейин 97,7 сомго өсөт.
Жапаров: Кыргызстан ЕАЭБде улуттук валютага өтүүнү толугу менен колдойт