Мурда дагы мас болуп кармалган. Милиция интернетте талкууланган айдоочу кыз тууралуу

Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. ИИМдин Патрулдук милиция кызматы активист Болот Ибрагимов таратып, социалдык тармактарда талкуу болуп жаткан видео боюнча комментарий берди.
Кадрдан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жолдо этиятсыз айдап бара жатканын көрүүгө болот. Кесепетинде көчөлөрдүн кесилишинен Acura автоунаасы менен кагышкан.
Окуяга күбө болгондор Mercedes-Benz автоунаасын айдап бараткан кыз мас абалында болгонун айтышууда.
Социалдык түйүндөрдө кроссовердеги эркек менен аял жабыркаганы маалымдалган. Алар ооруканага жеткирилген.
Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, жол кырсыгы 29-майда саат 17:30да Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Acura автоунаасын 64 жаштагы адам башкарып бара жаткан. Ал эми Mercedes-Benz машинасын айдап бараткан 33 жаштагы кыз мас абалында болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, айдоочу кыз 2021-жылдын ноябрында дагы мас абалында автоунаа айдап жүрүп кармалганы айтылды.
Чүйдө 21 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен аял кырсык болгон жерде көз жумду