Кафе-ресторандардын салык төлөмдөрүн азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Учурда мыйзамда коомдук тамактануучу жайлардын, мончолордун, бильярддык клубдардын кирешесинин 8 пайызын салык катары төлөө милдеттендирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кафе-ресторан сыяктуу коомдук тамактануучу жайлар үчүн салыктык ставканы төмөндөтүү мыйзам долбоору сунушталды. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов менен Марлен Маматалиев көтөрүп чыкты.
Ага ылайык, Бишкек менен Оштогу коомдук тамактануучу жайлар үчүн салыктык ставка накталай 6, накталай эмес 4 пайыз, башка региондогуларга 5 жана 3 пайыз менен белгилөө сунушталууда.
Авторлордун бири Маматалиев кафе-ресторан иштеткен ишкерлер менен Экономика жана коммерция министрлиги макулдашып ушундай чечимге келишкенин билдирди.
"Жаңы кабыл алынган Салык кодексинде коомдук тамактануучу жайлар, мончо, бильярддык клубдарга 8 пайыздык салык киргизилген. Бирок ишкерлер "мындай шартта тамак-аштын баасын көтөрүүгө, көмүскөгө кетүүгө аргасыз болобуз" деп депутаттарга кайрылышты. Мончо, бильярддык клубдардын ставкалары ошол бойдон кала берсин, коомдук тамактануу жаатындагы салыктарды түшүрүп койсок туура болот эле", — деди Маматалиев.
Аталган демилге парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде биринчи окууда каралып колдоо тапты.
Бишкекте ККМге каршы соодагерлер митингге чыгышты. Видео